Кыргызстанга Армениянын вице-премьери Ваче Габриелян келди

© Фото / пресс-служба правительства КРКРдин биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев Армениянын вице-премьер министри Ваче Габриелянды тосуп алуу учурунда
КРдин биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев Армениянын вице-премьер министри Ваче Габриелянды тосуп алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 7-июнда өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн, 6-июнда Кыргызстанга вице-премьер Ваче Габриелян баштаган Армениянын делегациясы расмий сапар менен келди.

КР президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен келген Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев РФ өкмөт башчысы Медведевге "Данакер" орденин тапшырды
Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан КРдин биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.

Армениянын вице-премьери Ваче Габриелян 7-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. 

Буга чейин Бишкекке РФ премьер-министри Дмитрий Медведев жана Молдованын премьер-министри Павел Филип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0