Июнь айында кыргыз-орус аймактык конференциясы өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки иш-чара өткөн жылы Бишкекте өткөрүлгөн. Конференция соода-сатыкты жакшыртууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Июнь айында V кыргыз-орус аймактык конференциянын өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аймактык кызматташуунун деңгээли жакшырып баратканы белгиленет. Былтыр Башкыртстан менен Татарстандын мамлекет башчылары Бишкекке келип кетишкен. Анда IV аймактык конференция өткөн. 

"Бул жылы Кыргызстан менен Россиянын субъектилеринин кызматташуусун өнүктүрүү каралат. Конференция аркылуу соода-сатык кызматташуу, инвестиция тартуу жана товар айлануунун көлөмүн күчөтүүгө шарт түзүлөт. Бешинчи жыйналыш июнь айында Уфада өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, бир катар маданий иш-чаралар өтө тургандыгын маалымат кызматы белгилейт. Кыргызстандын маданий күндөрү Башкыртстан менен Татарстанда өтүүсү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0