Медведев: Россия менен Кыргызстан бардык маселелерди ынтымакта чечет

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ өкмөт башчысы эки мамлекет алдыдагы бардык тоскоолдуктардан биргеликте эриш-аркак өтүүсү керек деген бекем ишенимде.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия бардык маселелерди ынтымакта чечип келет. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып билдирди.

Анын айтымында, Медведев менен Жээнбеков дос да, өнөктөш да болуп келишет.

"Маселелердин көпчүлүгү эриш-аркак чечилүүдө. Эки өлкөдө тең айрым экономикалык көйгөйлөр бар. Биз алардан чогуу өтүүгө аракет кылабыз", — деди РФ өкмөт башчысы.

Медведев эки мамлекеттин ортосунда бир катар макулдашуу бар экенин айтып, мында "Газпром" Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0