Айтмамат Кадырбаевге Ош мэринин күбөлүгү экинчи ирет тапшырылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшАйтмамат Кадырбаевге Ош шаар мэринин күбөлүгүн тапшырылды.
Айтмамат Кадырбаевге Ош шаар мэринин күбөлүгүн тапшырылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кадырбаев 2014-2016-жылдары шаар башчысы болуп турган. Ал эми быйыл, 25-майда экинчи ирет мэр болуп шайланган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Айтмамат Кадырбаевге Ош шаар мэринин күбөлүгү тапшырылды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 6-июнда мэр Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормоновдун катышуусу менен мэрия аппаратынын кеңейтилген жыйыны өттү.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Расул Кадыров жыйындын башында Айтмамат Кадырбаевге Ош шаарынын мэринин күбөлүгүн тапшырды", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кадырбаев ыраазычылыгын билдирип, шаардын мындан аркы өнүгүшүнө да күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Ал 2014-жылдын 15-январында шайланып, 2016-жылдын май айына чейин иштеген. Кадырбаев экинчи ирет 2016-жылдын 25-майында Ош шаардык кеңешинин 41 депутатынын добушу менен кайрадан бул кызматка отурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0