Өкмөт ашыкбаш мамкызматкерлерден арылат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМамлекеттик кызматкер. Архив
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштин мөөнөтү азырынча тактала элек. Мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирген факторлорду атайны түзүлгөн комиссия аныктап чыгыш керек.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамына кирген министрликтерде, административдик мекемелерде иштегендердин санын кыскартуу боюнча сунуш иштеп чыга турган жумушчу топ түзүүнү буюрду.

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: лотерея оюндарын колдогон өкмөткө адамдын өмүрүнөн акча кымбатпы?
Премьердин буйругу өкмөттүн сайтына жарыяланды. 

Өкмөттүн жумушчу тобу министрликтерде, административдик мекемелерде иштегендердин саны боюнча анализ жүргүзүшү керек.

Аталган топ бири-бирин кайталаган курамды, мамлекеттик орган жетекчилеринин "ашыкбаш" жардамчыларын аныкташы керек. Ошондой эле мамлекеттик аппаратты кармап турууга корогон чыгымдарды да карап чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0