Жогорку Кеңеш ИИМ башчысына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин жактырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с официальной страницы ГУВД города Бишкек. Джунушалиев Кашкар Астаканович. Архивное фото
Снимок с официальной страницы ГУВД города Бишкек. Джунушалиев Кашкар Астаканович. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк депутаттар Жунушалиевдин ишине ийгилик каалап, реформаларды улантууну өтүнүштү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Ички иштер министрлигинин башчылыгына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин жактырды. 

Жунушалиев үчүн эл өкүлдөрүнүн 105и "макул" деген добушун берген.

Көпчүлүк депутаттар жаңы министрдин ишине ийгилик каалап, реформаларды улантууну суранышты. 

"Ишеним көрсөтүп колдогонуңуздар үчүн рахмат. Министрдин башкы милдети — өлкөнүн коопсуздугун сактоо. Дасыккан адистерди алып келип, чын дилимден иштейм",— деди Жунушалиев.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев отставкага кетишинин себебин айтып берди
Эми анын толук кандуу министр болуусу үчүн президент Алмазбек Атамбаев үч күн ичинде Жарлыкка кол коюусу керек. 

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык мурунку министр Мелис Турганбаев кызматтан 30-майда бошотулган

Жунушалиев буга чейин Бишкек ШИИБди жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0