Нышанов: соттор үй алып, баласына жаздырып койсо эле суудан кургак чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Сайдулла Нышанов. Архив
Депутат Сайдулла Нышанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, соттор декларациясына чыгымдарын көрсөтүүсү керек.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мыйзамда боштуктар көп. Соттор үй алып, бойго жеткен баласына каттатып койсо суудан кургак чыгат. Бул тууралуу эл өкүлү Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин отурумунда сүйлөп жатып билдирди. 

Учурда парламентте соттордун статусу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык, соттор декларациясына чыгымдарын да көрсөтүшү керек. 

"Мыйзам иштебейт. Соттор мүлк алып, бойго жеткен баласына каттатып койсо, аны эч ким далилдей албайт. Мыйзамда боштуктар көп", — деди депутат. 

Мыйзам долбоордун баяндамачысы Нурхан Момуналиев бул маселени соттордун өз абийирине коюу керектигин билдирди.

"Мыйзамга ылайык, декларация тапшырган соттун аялынын, анын кароосундагы балдарынын мүлкү соттуку болуп саналат. Ал эми ата-энесинин, бойго жеткен баласынын, бир туугандарынын мүлкү сотко тиешеси жок", — деди Момуналиев. 

Мыйзам долбоору депутаттардын сынынан өтпөй, комитеттин кароосуна кайтарылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0