"Ата Мекен" фракциясы ИИМ башчылыгына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин жактырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын желекчеси. Архив
Ата Мекен фракциясынын желекчеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунушалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшөөрүн, реформа иши улантылаарын жана "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылаарын билдирди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Ички иштер министрлигине Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу аталган фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Маселе каралып жатканда депутаттар талапкерге ар кыл суроолорду узатышты. Жунушалиев суроолорго жооп берип жатып, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшөөрүн, реформа иши улантылаарын жана "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылаарын билдирди.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев отставкага кетишинин себебин айтып берди
Кечээ, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев Мелис Турганбаевди ички иштер министрлигинен бошотуу жана анын ордуна милдетин аткаруучу кылып Кашкар Жунушалиевди дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Жунушалиев министр болушу үчүн Жогорку Кеңешке өкмөт башчы тарабынан сунушталып, ал депутаттар тарабынан колдоо табышы керек. 

Буга чейин Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген.

ИИМдин экс-жетекчиси Турганбаев Жунушалиевди "мыкты офицер" катары сыпаттап, анын бул жааттагы реформаларын улантып кете тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0