Коргоо кеңешинин жумушчу тобу коррупцияга каршы 80 иш-чараны талкуулады

Жазылуу
Монополияга каршы жөнгө салуу тармагында коррупциялык жети аймак жана 17 коррупциялык тобокелдиктер аныкталган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Коргоо кеңешинин жумушчу тобу монополияга каршы жөнгө салуу тармагындагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмеси жана системалашып калган коррупцияны бузуу боюнча этабы менен жасала турган план менен 80 иш-чараны талкуулады. Бул туурасында Коргоо кеңешинен кабарлашты. 

"Ага бир катар министрлик менен ведомстволордун, жарандык коомдун, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышып аталган агенттиктин ишмердүүлүгүнө жасалган анализдин негизинде коррупциялык жети аймак жана 17 коррупциялык тобокелдиктерди аныктады. Мындан улам атайын пландын негизинде коррупцияга каршы 80 иш-чара жана башкаруучулук, институционалдык чаралар иштелип чыккан", — деп билдиришти Коргоо кеңешинен. 

Жогорудагы ведомство — мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашырган орган. Андан сырткары, экономиканын бардык тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты коргоону, өнүктүрүүнү жүргүзүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0