Премьер Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди ИИМдин жамаатына тааныштырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Кашкар Жунушалиевди аталган ведомствонун жамаатына тааныштырды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Кашкар Жунушалиевди аталган ведомствонун жамаатына тааныштырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунушалиев толук кандуу министр болушу үчүн Жогорку Кеңешке өкмөт башчы тарабынан сунушталып, ал депутаттар тарабынан колдоо табышы керек.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Кашкар Жунушалиевди аталган ведомствонун жамаатына тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев ИИМди жетектеп турган Мелис Турганбаевди кызматынан бошотуу жана анын ордуна милдетин аткаруучу кылып Кашкар Жунушалиевди дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев отставкага кетишинин себебин айтып берди
Жунушалиев толук кандуу министр болушу үчүн Жогорку Кеңешке өкмөт башчы тарабынан сунушталып, ал депутаттар тарабынан колдоо табышы керек. 

Буга чейин Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген.

ИИМдин экс-жетекчиси Турганбаев Жунушалиевди "мыкты офицер" катары сыпаттап, анын бул жааттагы реформаларын улантып кете тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0