22:16 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
74 0 0

Фонддун ишине нааразы болгон өкмөт башчы мекеменин төрагасы Кадыркуловго сөгүш жарыялады.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Премьер-министр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Алмазбек Кадыркуловду кабыл алып, мекеменин ишин катуу сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өкмөттүн бир катар токтомдорун ишке ашырбаган фонддун иши канааттандырбай турганын айтып, тез арада чечилиши зарыл болгон тапшырмаларды койду. 

Сынга мамлекеттик менчикти ижарага берүү иши да кабылды. Өкмөт башчы ижарадан түшө турган каражатты көбөйтүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүнү тапшырып, электрондук маалымат системасын тез арада ишке киргизүүгө милдеттендирди.

Мындан тышкары, Жээнбеков мүлк чырларына байланышкан сот иштери создугуп жатканына нааразы экенин билдирди. Натыйжада мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга басым жасап, аталган фонддун жетекчиси Кадыркуловго сөгүш жарыялады.

Тема боюнча

Жээнбеков Токой чарба жетекчисине: маскарапоз болуунун кереги жок
Жээнбеков: ЕАЭБ Кытай менен кызматташууга басым жасашы керек
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, мамлекет

ЭҢ МААНИЛҮҮ