Атамбаев Стамбулда саммитке катышып, Меркель менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчылар Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитте
Мамлекет башчылар Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышуу үчүн Стамбулга кечээ учуп кеткен.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты
КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
2/2
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту
1/2
КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты
2/2
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту

Күндүн биринчи жарымында Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн өлкө башчыларынын жана премьер-министрлердин жабык отурумуна катышты.

Атамбаевди Стамбулдан элчи Жунусов жана түркиялык аткаминерлер тосуп алды
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышууда.

Саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилени өзгөртүүнү көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0