09:17 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Депутат Өмүрбек Текебаев. Архив

Текебаев: Нарымбаев, Коркмазовдун ишин иликтеген прокурор шалаакылык кылган

© Фото / Пресс-служба ЖК КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
66801

Сот отурумда күбө катары көрсөтмө берип жаткан депутат Өмүрбек Текебаев ишти иликтеген тергөөчү мыйзам бузууларга барганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча бүгүн өтүп жаткан сот отурумуна күбө катары чакырылган депутат Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берди.

Эл өкүлү соттолуп жаткандар менен мурунтан жакшы мамиледе экенин айтып, азыр алар кыйын абалда турганда мамилеси өзгөрбөй турганын билдирди. Андан соң Текебаев соттолуп жаткан Данияр Нарымбаевдин аялы ага жардам сурап кайрылганын айтып, ошондуктан бул ишке кийлигишкенин түшүндүрдү. Өз көрсөтмөсүндө эл өкүлү прокурорлорду айыптап, күбө катары кеч чакырып жатканына нааразы болду.

"Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү документтерди туура эмес толтуруп, шалаакылык кылганы көрүнүп турат. Ольга Плотникова боюнча маалыматты силер эмес, мен таап чыктым", — деди депутат.

Ал ортодо мамлекеттик айыптоочу Текебаев Кылмыш процессуалдык кодексинин кайсыл нормасына ылайык, парламенттин маалымат бөлүмүн тинтөөгө алганына кызыкты. 

"Мен депутатмын. Силердин Кылмыш процессуалдык кодексиңер менен эмес, Конституция менен иш алып барам. Депутат катары тинтүүгө укугум бар", — деди Текебаев.

Ал Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү боюнча атайын комиссия түзүлүп, алардын шалаакылыгы иликтенээрин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеевге эки ирет мунапыс колдонулуп, үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)

Тема боюнча

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев абактан чыкты
Белгилер:
Хажимурат Коркмазов, Өмүрбек Текебаев, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ