Барыктабасов, Талгарбеков… "Бийликти басып алууга" дагы ким аракеттенген?

© AFP / TALANT SHABIEVКыргызстандын желегин Ак үйдүн крышасына орнотуп жаткан митингдин катышуучусу. Архив
Кыргызстандын желегин Ак үйдүн крышасына орнотуп жаткан митингдин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча бир нече ирет кылмыш иши козголгон. Акыркысы жакында эле болуп өттү.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Элдик парламенттин" лидерлери Бекболот Талгарбековду, Төрөбай Колубаевди жана Марат Султановду кармап, "бийликти басып алууга аракет кылды" деген айып менен кылмыш ишин козгоду. 

Окуянын арты менен эле дароо интернетте "Элдик парламенттин" уюштуруучулары болушу мүмкүн делгендердин сүйлөшүүсү жарыяланды. Анда 17-май күнү борбор калаада митинг уюштуруп, курал менен төңкөрүш жасоо планы тууралуу кеп болот. 

Кармалгандарды сот эки айга камоо боюнча өкүм чыгарды. Ал ортодо Алмазбек Атамбаев "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнө кескин сын айтып, куралдуу көтөрүлүш жасоо аракеттерине катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи. 

Бийликти басып алуу фактысы боюнча кылмыш иштин козголушу Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жок. Sputnik Кыргызстан агенттиги "бийликти басып алууга аракет кылды" деген шек менен кармалгандар тууралуу кеңири маалымат берүүнү эп көрдү. 

Президентке кол салуу 

Атамбаев "Элдик парламент" жана өзүнүн отставкасы тууралуу
1990-жылы кыргыз саясатчыларынын ак сакалдуусу делген Топчубек Тургуналиев эгемендүү Кыргызстанга туңгуч президент болуп шайланган Аскар Акаевге чапан жаап, ак калпак кийгизген. Көп өтпөй Тургуналиев менен жаңы президенттин ыркы келишпей, 1993-жылы Тургуналиев Акаевдин отставкасын талап кылып чыккан. Ал эми 1995-жылы Тургуналиев өлкө башчысынын намысына тийди делип уурдоо жана башка айыптар боюнча кылмыш иши козголгон. 1999-жылы Тургуналиев жана анын алты жакын санаалашы Акаевдин өмүрүнө кол салууга даярданып жатышат деген айып менен 16-17-жылга эркинен ажыратылган. Арадан эки жыл өткөн соң президенттин мунапысы менен алар эркиндикке чыккан. Ал эми 2005-жылдагы революциядан кийин соттолгондор толугу менен акталган. 2010-жылы болгон апрель окуясынын кийин Топчубек Тургуналиевдин шыбагасына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тийген. 

Багы ачылбаган революционер

"Мекеним Кыргызстан" кыймылынын лидери Урмат Барыктабасовго 2005-жылдын май айында кош жарандуулугунан улам Борбордук Шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттабай койгон. Ага жооп иретинде анын тарапкелери 17-июнда түшкө маал Ак үйдү басып алган. Албетте, кечке жуук Ак үй тазаланып, Барыктабасов бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөнүп, ага расмий түрдө издөө салынган. Мындан кийин Барыктабасов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ал саясий айдыңда 2010-жылдары кайрадан пайда болуп, август айында тарапкерлеринин курултайы болорун жар салган. 5-августта Бишкек шаарына жүрүш башталып, иликтөө бийликти курал колдонуп басып алууга максат коюлгандыгын айтты. Жүрүштү Кант шаарынын жанындагы Киргшёлк айылында милиция кызматкерлери кууп таратып, Барыктабасов кармалган. Сот 2011-жылы аны "куралды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо, ташуу" беренеси менен эркинен ажыраткан. Анткен менен Барыктабасов "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген күнөөсүнөн акталып, 2011-жылы бошотулган. 

Чыңгысхан жана "Ак үйдүн" дарбазасы

Наушниктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер "Элдик парламентчилер" тууралуу: жел кайдан согуп жатканын аныктоо зарыл
Кумтөр алтын кенинин маселеси боюнча 2012-жылдын 3-октябрында "Ата-Журт" оппозициялык партиясынын депутаттары Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Камчыбек Ташиев Чыңгызхандын баатырлык чабуулдарын эскерүү менен Жогорку Кеңештин дарбазасынан секирип өткөн. Ташиев менен кошо анын кесиптештери Талант Мамытов жана Садыр Жапаров "бийликти күч менен басып алууга" шектелип УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Ташиев 1,5 жылга камалып, 2013-жылы эркиндикке чыккан. Кийин анын партиясы "Республика" менен бириккен. Бирок "Өнүгүү-Прогресстин" өкүлү менен мушташып кеткен Ташиев депутаттык мандатка ээ болуу укугунан айрылган. Ошентсе да жаңы түзүлгөн "Республика— Ата-Журт" саясый партиясы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына өттү. 

Аудио баскынчылык

Акыркы мезгилдери аудио жазылмалар трендге айланып кетти. Каалоочулар бийликти басып алуу боюнча талкуунун аудио жазылмасын интернеттен таап укса болот. 

21-мартта интернет булагында бийликти күч менен басып алууну талкуулап жатат делген Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Тургуналиев жана Бектур Асановдун сүйлөшкөн аудио жазуусу тараган. 

Оппозициячылар аудио монтаж экенин айтып чыгышканы менен УКМК анын аныктыгын тастыкташкан. 

Митингдин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия "Элдик парламентке" "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок
Бийликти күч менен басып алууга шектелген Асанов менен Кадыров 12-июлга чейин камакта болушат. Алар менен байланышы бар делип күдүк жараткан мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов үй камагына алынды. 

Булардын бардыгы расмий гана айыптоолор болуп эсептелинет. Андан башка дагы билдирүүлөрдүн саны өтө эле көп болгон. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылы бийликке келген оппозиция менен Курманбек Бакиевди бийликти күч менен тартып алды деп айыптаган. 2010-жылдын апрель айында ушундай эле сөздөрдү Бакиев өзү да кайталаган. 

Эске салсак, депутаттар бир нече жолу Бакиевди да Акаевди да отставкага кетирүүнү сунушташкан. Акаевге импичмент жарыялоого аракет жасалып, бирок керектүү сандагы добуш чогулбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0