ЖКнын жаңы аппарат жетекчиси Кутушев: ишимдин саясатка тиешеси жок

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине дайындалган V чакырылыштын депутаты Абдыманап Кутушев. Архив
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине дайындалган V чакырылыштын депутаты Абдыманап Кутушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыманап Кутушев ЖКнын аппарат жетекчилигине келгенге чейин КСДП фракциясынын катчылыгын жетектеп келген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине дайындалган V чакырылыштын депутаты Абдыманап Кутушев ишке расмий түрдө бир жумадан кийин кирише тургандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди. 

Ал жаңы кызматын анализден баштаганын белгиледи.

"Расмий ишке кирише элек болсом дагы учурда аппараттын ишине анализ жүргүзүүнү баштадым. Анын жыйынтыктарын азырынча айтпай эле турайын", — деди Кутушев.

Ал эми коомчулукта жетекчилик кызматка дагы бир КСДПчы келди деген кептерге Кутушев кошулбай турганын билдирди.

"КСДП партиясынан болгонум менен жаңы кызматымдын саясатка эч кандай тиешеси жок. Себеби бул болгону Жогорку Кеңештин иштөө процессин камсыз кылып туруучу аппараттык иш. Саясат менен эч байланышы жок", — деп билдирет жаңы аппарат жетекчиси.

Кутушев буга чейин иштеп келген орун басарларды алмаштыруу боюнча маселе карала электигин белгиледи. 

Эскерте кетсек, Абдыманап Кутушев ЖКнын аппарат жетекчилигине дайындалганга чейин КСДП фракциясынын катчылыгын башкарып келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0