Ош шаардык кеңештин коалициясы Оштун мэрлигине Кадырбаевдин талапкерлигин колдоду

© Sputnik / Исмаил МамытовОш мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы мэрди шайлоо 2016-жылдын 25-майына пландалган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаттары шаардын учурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Мындай чечим КСДП фракциясынын жыйынында кабыл алынып, бекитилди. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми аталган фракциянын бул сунушун шаардык кеңештин "Мыйзам жана ыйман" коалициясынын мүчөлөрү бир добуштан колдоду.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун мэри майрамдык жамааттык отуруштарды өткөрбөөгө чакырды
Коалиция депутаттарынын айтымында, Айтмамат Кадырбаевдин тажырыйбасы мол. 

Азырынча Кадырбаевдан башка талапкер көрсөтүлө элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы мэрди шайлоо 2016-жылдын 25-майына пландалган.

Оштун азыркы башчысы бул кызматка 2014-жылдын 15-январында шайланган. Ал учурда Ош шаардык кеңешиндеги шайлоого катышкан 45 депутаттын 25и Кадырбаев үчүн добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0