Түлеев президенттик шайлоо тууралуу: татыктуусун колдойм

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев маалымат жыйыны учурунда
Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку мэр саясий амбициялары жана кайсы шайлоого катыша турганы жөнүндө ой бөлүштү.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Абактан жакында эле бошотулган Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев эмки жылы боло турган президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди колдоп, бирок эч ким менен бирикпей турганын билдирди.

Түлеевдин айтымында, ал Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган киши.

"Мен азыр өзүмдү актоо үчүн бир топ иш жасашым керек", — деди ал келечек пландары менен бөлүшүп жатып.

Бишкектин мурдагы башчысы 2013-жылдын 29-июлунда камакка алынып, 4 жылга чукул абакта жаза өтөдү.

Эшикти жаап жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түлеев: түрмөдө "авторитет" болчумун
Экс-мэр жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Түлеев 2012-жылы мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. 

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0