Райимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын жетектемей болду

Жазылуу
Капаровдун ордуна Башкы штабга Дүйшөнбиев жетекчи болуп дайындалды.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жаныбек Капаров Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги кызматынан бошотулуп, анын ордуна Райимберди Дүйшөнбиев дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Капаров аталган кызматка өткөн жылдын 5-ноябрында келген. Ал эми Дүйшөнбиев буга чейин Мамлекеттик Чек ара кызматын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0