ЖК келерки отурумда депутаттардын статусу боюнча мыйзамдарды талкуулайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында кыйноолорду, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча КРдин улуттук борбору баяндама жасайт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш келерки отурумда өздөрүнүн статусу боюнча жана дагы бир катар мыйзам долбоорлорун талкуулайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Жогорку кеңештин жыйыну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келерки аптада депутаттар бюждет жана курал маселесин талкуулайт
Координациялык кеңеш 11-12-майдагы парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти. 

Ага ылайык жыйындарда эл өкүлдөрү сугат, айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө трансформациялоого мораторий киргизүү, жер тилкелерин трансформациялоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү боюнча мыйзам долбоорун карайт. 

Андан сырткары, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу, адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү талкуулашат. 

Парламент жыйынында 2015-жылдагы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРдин улуттук борборунун баяндамасы угулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0