Сабир Атажанов кызматынан бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сабыр Атажанов
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сабыр Атажанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооробай Жээнбеков Атажановду доклад окуп жаткан маалында даяр эместигин айтып, "маскарапоз болуунун кереги жок" деген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сабир Атажановду кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен анын ордуна аталган мекеме жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамов дайындалды.

Эскерте кетсек, шейшемби күнкү өкмөттүн жыйынында Жээнбеков Атажановду регламентти бузганы үчүн зекип, "маскарапоз болуунун кереги жок" деген.

Жаңылыктар түрмөгү
0