Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турсунбековдун талапкерлигин "КСДП" фракциясы алып чыгып, "Ата-Мекен", "РАЖ" фракциялары колдогон.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. 

Турсунбековду спикерликке "КСДП" фракциясы алып чыгып, "РАЖ", "Ата-Мекен" фракциялары колдогон

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев бардыгы болуп 120 бюллетень даярдалганын билдирди.

"Чыныбай Турсунбеков — 88, ал эми Исхак Масалиев — 26 добушка ээ болду. Үч депутат баарына каршы болгон, дагы үч бюллетень жараксыз болуп чыккан", — деди Жээнчороев.  

Эскерте кетсек, буга чейин спикерликке талапкерлигин койгон Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев шайлоодо 51ден добуш алып, жарыштан четтеп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0