Акылбек Султанов Улуттук статистикалык комитеттин төрагалыгына дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов. Архив
Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мекеменин мурунку жетекчиси Акылбек Осмоналиев учурда өкмөттүн аппаратын жетектөөдө.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акылбек Султанов Улуттук статистикалык комитеттин төрагалыгына дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү документке президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Султанов буга чейин Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп келген. Ал эми аталган мекеменин мурунку жетекчиси Акылбек Осмоналиев учурда өкмөттүн аппаратын жетектөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0