01:40 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
БУУнун Нью-Йорктогу имараты. Архив

ТИМ Азимжан Аскаров боюнча БУУнун эксперттерине жооп берет

© Sputnik / Сергей Гунеев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
БУУ комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды (42)
125 0 0

БУУнун адам укугу боюнча комитети буга чейин аларга арызданган камактагы кишини бошотуу талабын койду.

БИШКЕК, 22-апр — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) адам укугу боюнча комитети түрмөдө отурган Азимжан Аскаров боюнча чыгарган бүтүмүнө жооп даярдап жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган ведомство өкүлү Нурлан Сүйөркулов.

Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча комитети улут аралык араздашууга от чачкандыгы үчүн өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун күнөөсүн жокко чыгарып, токтоосуз бошотуу жана чыгымдарын толук төлөп берүүнү талап кылган бүтүмүн чыгарган. 

Сүйөркуловдун айтымында, Кыргыз ТИМи БУУдан Аскаров боюнча документ ала элек. 

"Документти алгандан кийин, аны карап, таанышып чыгып ТИМ расмий билдирүүсүн жасайт", — деди Сүйрөкулов.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыруусу, массалык башаламандыктарды уюштуруусу, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо орган кызматкерин ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттогон. 13 куралсыз милиция кызматкери нааразы болгон топторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулайманов өлтүрүп, өрттөлгөн. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгын ыйгарышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

АКШнын мамдепартаментине жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Тема:
БУУ комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды (42)

Тема боюнча

Бириккен улуттар уюму Азимжан Аскаровду бошотууну Кыргызстандан талап кылууда
Белгилер:
адам укугу, Ош окуясы, ТИМ, БУУ, Азимжан Аскаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ