"Так талаш 2": төрагалык кимдин энчисине тиет: Турсунбеков, Өмүркулов…

Жазылуу
Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин спикерлигине шайлоо өтүп, талапкерлер бирдей добуш алгандыктан төрагалык кресло дале бош турат. Бул маселе кызуу талкууга жем таштады.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кечээ күнү Жогорку Кеңеште спикерликке шайлоо өтүп, ал кызматка аттанып жаткан Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев 51ден добуш алышты. Мыйзамга ылайык, кимиси 61 добуш алса төрага болуп шайланмак же бири экинчисинен көбүрөөк добуш алса экинчи турга чыкмак. Мындан улам шайлоо учурундагы эсептөө комиссиясы кайрадан жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү чечимине келди. 

Бул көрүнүштөн чоң саясий айдыңда абал дагы эле кызуу бойдон, учурда төрага болчулардын айланасында талкуу күч. Анткен менен азырынча расмий талапкерлер көрсөтүлө элек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төрагалыкка кимдер аттанарына кызыгып көрдү. 

"Так талаш": төрага болбой калган Төрөбаев менен Исаев "өх" деди
Аз-аз жерден спикер болуп кала жаздаган Бакыт Төрөбаев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы төрагалыкка кимди алып чыгарын талкуулап жатканын, азырынча бир талапкерге токтоло электигин билдирди. 

"Биз таза шайлоо өткөрүп, үлгү боло алдык. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы ушул нерсени максат кылган. Эртең кайра шайлоо болсо да таза өтөрүнө ишенем. Ким келсе да шайлоо таза өтүүсү зарыл. Учурда көпчүлүк коалициясы жана оппозициялык маанайдагы фракциялар ичинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Расмий маалымат айтыла элек. Бирок Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Текебаевдер көрсөтүлүшү мүмкүн. Парламенттен төрагалыкка татыктуу болчу мырзалар арбын", — дейт Төрөбаев.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
1/3
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев
1/3
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
2/3
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов
3/3
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев

Саясий серепчи Марс Сариев спикер болууга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт. 

"КСДП фракциясы 2017-жылкы президенттик шайлоого даярданып жатат. Андыктан бул кызматка өзүнө керектүү адамды алып келет. Буга чейин эле Чыныбай Турсунбековдун аты аталып келген. Менимче анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Төрагалыкка Иса Өмүркулов келеби деп болжоп жаткам, акыркы күндөрү анын келбей турганы белгилүү болуп калды", — дейт Сариев. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине атын атагысы келбеген эл өкүлү төрага Чыныбай Турсунбеков болушу мүмкүндүгүн билдирди. 

"Буга чейин үч талапкердин аты айтылып келген. Алар Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев жана Канат Исаев болчу. Экөөсү жарыштан четтеп кетти. Демек бир гана талапкер калды. Бул ким экенин силер жакшы түшүнүп турсаңар керек. Учурда ошол адамдын төрага болушу айтылууда", — дейт депутат.

Депутат Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: кайсы арына спикерлер 10 жансакчы менен жүрөт
Дагы бир атын атагысы келбеген депутат төрагалыкка үч талапкердин аттары айтылып жатканын билдирди. 

"Азырынча биздин фракция кимдин талапкерлигин алып чыгууну тактай элек. Башка фракциялардын да сунушун угабыз. Парламенттин ичинде Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов жана Каныбек Иманалиевдин болушу мүмкүндүгү айтылууда", — дейт эл өкүлү. 

Ал ортодо Чыныбай Турсунбеков ага төрагалык кызматка сунуштар мурунтан айтылып келгенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

"Буга чейин эле спикерликке сунуштар түшүп келген. Кыргызда кеңешип кескен бармак оорубайт деген жакшы сөз бар. Биз бармагыбызды оорутуп албаш үчүн фракция ичинде кеңешме куруп, андан соң бир чечимге келебиз", — дейт Турсунбеков. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын жумус орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликтен кийинки жашоо: экстер эмне менен алек
"Төрага сизди болот дешүүдө, каршы болбойсузбу?" деген суроого коалиция лидери кээ бир нюанстар бар экенин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн спикерлик кызматка келүүнү ойлонуп көрөрүн билдирди. 

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилип, бирок кворум болбой, спикерди шайлоо 20-апрелге белгиленген. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгы менен спикерликке аттанган Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев 51 добуштан алып, жарыштан четтеп калышты. 

Ал эми буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөндөн кийин кызматынан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0