Адамкул Жунусов Бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Адамкул Жунусов. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Адамкул Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулду. Тийиштүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбековдун башка буйругу менен Бажы кызматынын башчылыгына Азамат Сулайманов дайындалды. Аны жамаатка премьер-министр Жээнбеков өзү тааныштырды.

Сулайманов буга чейин аталган кызмат жетекчисинин орун басары болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0