Спикерликке 6 талапкерге чейин сунушталышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган адам. Архив
Портфель кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча кийинки шайлоого Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев катыша албайт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Парламенттин спикерлигине алты депутатка чейин талапкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина билдирди. 

Бүгүн төраганы шайлоо болуп, анда талапкер болуп жаткан Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев керектүү добуш ала алган жок. Шайлоонун жыйынтыгы менен эки талапкер 51 добушка ээ болуп, парламент кайрадан төраганы шайламай болду. 

"Эгерде эки талапкердин бирөө бир упайга көп алганда экинчи турга чыкмак. Эми ар бир фракция төрагалыкка өз талапкерлерин сунуштаса болот. Ал эми Исаев менен Төрөбаев кайрадан шайлоого катыша албайт", — дейт Скрипкина. 

Анын айтымында, төрагалыкка талапкерлер фракция ичинде талкууланып, анан тармактык комитетке сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0