Жанар Акаев: кайсы арына спикерлер 10 жансакчы менен жүрөт

Жазылуу
Эл өкүлү ансыз да депутаттардын кадыры төмөндөп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Төрага жансакчыларсыз жүрүп, элге жакын болушу керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында төрагалыкка талапкерлерге суроо берип жатып билдирди. 

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште төраганы шайлоо өтүп жатат. 

"Алты миллион элибиз бар. Жакырбыз. Анан кайсы арыбызга спикерлер ондон жансакчы, унаалардын коштоосунда жүрөт? Элге жакын болуп, жөнөкөй эле жүрсөңөр", — деди Акаев. 

Бул собол менен талапкер Бакыт Төрөбаев макул экенин айтып, убагында унаасын велосипедге алмаштырганын белгиледи.

Мындан сырткары, ал төраганы шайлоо учурунда урнадан алыс туруу керектигин айтты. 

"Аз гана аброюбуз калды, аны да төгүп албайлы", — деди депутат. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын жумус орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликтен кийинки жашоо: экстер эмне менен алек
Төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилип, бирок кворум болбой, спикерди шайлоо бүгүнкүгө жылган. 

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн кызматынан өз эрки менен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0