Жогорку Кеңеш эртең төраганы шайлайт

Жазылуу
Аталган маселе күн тартибиндеги биринчи кезекте карала турганы анык болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш эртеңки отурумунун күн тартибинде төраганы шайлоо киргизилди. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына жайгаштырылган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын жумус орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликтен кийинки жашоо: экстер эмне менен алек
Ага ылайык, спикерди шайлоо маселесин күн тартибине ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет киргизди.

Эскерте кетсек, төрагалыкка "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев ат салышууда.

Бүгүн аталган комитет өз жыйынында талапкерлерди карап чыгып, ЖК отурумуна экөөнү тең алып чыгууну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0