Соцфонддун төрагалыгына Нурдин Ибраев дайындалды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин аталган мекеме төрагасынын орун басарлык кызматын аркалап келген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү фондусунун төрагалыгына Нурдин Ибраевдин дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Соцфонддун мурунку төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев президенттин жарлыгы менен биринчи вице-премьерлик кызматка дайындалган. 

Ибраев буга чейин аталган мекеме төрагасынын орун басарлыгын аркалап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0