Өкмөт башчы: министрлер кайсы партияга таандык экенине карабайм

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков вице-премьерлер менен жолугушуу учурунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков вице-премьерлер менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жээнбеков вице-премьерлердин катышуусунда жыйын өткөрүп, анда жакынкы мезгилге карата өкмөт ишинин негизги багыттарын талкуулады.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өкмөт мүчөлөрү кайсы бир партияга тиешелүүлүгү же туугандык байланышы эмес, кесипкөйлүгү менен бааланат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков вице-премьерлер менен жолугуп жатып билдирди.

Кагаз үстүндөгү калем жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт мүчөлөрү ЖК комитеттеринде былтыркы иши боюнча отчет бере баштады
Анда премьер-министр өкмөттүн алдында турган негизги маселелерге токтолуп, экономикага инвестиция тартууну артыкчылыктуу багыт деп белгиледи. Муну менен бирге жазгы талаа иштеринин тийиштүү деңгээлде өтүшү үчүн сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. 

Мындан тышкары Жээнбеков ага жана өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине келген кайрылуу менен каттардын бири да жоопсуз калбашы керектигин эскертти. 

"Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн профессионалдуулук зарыл. Биз өкмөт мүчөлөрүн кайсы бир партияга тиешелүүлүгү же туугандык байланышы эмес, кесипкөйлүгүнө карап баалайбыз", — деди өкмөт башчы. 

Жыйында өкмөт аппаратынын башка мамлекеттик органдардын аппараты менен болгон кызматташуусун жөнгө салуу боюнча маселелер да талкууга алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0