БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. КСДП фракциясы жабык эшик артында жыйын өткөрүп, анда төрагалыкка сунушталып жаткан талапкерлер каралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешов билдирди.
Эске сала кетсек, төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.
"Жабык эшик артында төрагалыкка сунушталып жаткандарды карадык. Азырынча комментарий бере албайбыз", — дейт Бекешов.
Эске сала кетсек, кечээ парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилген. Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров спикерди шайлоону кийинки аптага жылдыруу керектигин беш ирет айтып чыкты. Жыйынтыгында добуш берүүгө болгону 59 депутат келип, кворум болбой калды.
Ал эми мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн ал спикерликтен өз эрки менен кеткен.