Бириңерден бириң эр, төрага болчу кимиңер? Исаев менен Төрөбаев тууралуу фактылар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин жыйынындагы депуттатар. Архив
Жогорку кеңештин жыйынындагы депуттатар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев чоң кызматка ат салышып жатат. Алардын үй-бүлөлүк байланышы, бизнес менен саясаттагы кызматтык тепкичи жана алар катышкан ызы-чуулар тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагалыгы үчүн ат салышуу күчөдү. Буга чейинки спикер Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөндөн кийин төрагалыктан кеткен.

Учурда анын ордуна "Кыргызстан" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев башкы талапкер болууда. Экөө тең ат салышуудан баш тартпай турган түрү бар. Бирок парламент тыныгуу жарыялап, эми кимиси эл өкүлдөрүнүн тилин тапканын эмки аптада биле турган болдук.

Sputnik Кыргызстан ар бир талапкер боюнча 10 факты тапты. Эскерте кетсек, аты аталып жаткан эки талапкер тең өткөн чакырылышта "Республика" партиясынан депутат болуп келишкен.

Канат Исаев тууралуу фактылар

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Талапкердин бир тууган агасы — Талантбек Исаев милиция кызматкери, ИИМ башчысынын орун басары болуп келген. Көпчүлүк аны Жол кайгуул кызматынын башчысы катары билет.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Исаев
Депутат Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канатбек Исаев

Эмгек жолун салык органынан баштаган, андан соң бизнеске баш-оту менен кирип кеткен. Саясатка 2003-жылы аралашты. 13 жыл мурун Чүй райондук кеңешке депутат болуп шайланган. Мамлекеттик кызматта — Мамлекеттик салык кызматы менен Экономика министрлигинде иштеген. Облустун газ чарбасында эмгектенген. 2008-2010-жылдары Токмок шаарын жетектеп, 2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болгон жайы бар.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, 2010-жылы "Республика" саясий партиясынан шайланып, коалициянын башчысы болгон. Андан соң фракциядан чыгып, "Бирдиктүү ынтымак" деген депутаттык топту жетектеген. 2015-жылы өзүнүн "Кыргызстан" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. 

Жумуш ордундагы портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрага деген ким? Кыргызстандын тарыхындагы төрагалар таржымалы
Шайлоодон кийин партия ичинде мандат боюнча чыр чыккан. "Кыргызстан" партиясы БШКга арыз менен кайрылып, Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова жана Урмат Ишенбековго мандат берилбей турганын айткан. Буга каршы болгон Жумалиева менен Эсенаманова сотко кайрылып, бирок оңдуу жыйынтыкка жетишкен эмес.

Экс-премьер-министр Темир Сариев Исаевди Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын себепчилеринин бири деп атады. Мурунку өкмөт башчы аны тендерге катышууга ниеттенген "Империя групп" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптап, Исаев мамлекет жана коом кызыкчылыгынан өзүнүн керт башынын пайдасын жогору коерун белгиледи.

Сариевдин отставкасы талкууланып жатканда Исаев өзүн премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн эмес.

Улуттук оюн көк бөрүгө кызыгат. Көк бөрү федерациясынын президенти, 2013-жылы аталган оюндун эл аралык федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган.

Төрөбаев Бакыт Эргешович 

43 жашта, 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции "Онугуу — Прогресс"
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции Онугуу — Прогресс - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции "Онугуу — Прогресс"

Атасы — Эргеш Төрөбаев, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору. Улуу агасы — Аскарали Төрөбаев, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары, Каттоо кызматынын жетекчилигине ат салышкан. Ортончу агасы — Баатыр Төрөбаев, Ун өндүрүүчүлөр комитетинин төрагасы.

Бакыт Төрөбаев эмгек жолун жетекчилик кызматтан баштаган. 1995-жылы "Жамиля и К" компаниясынын директору болгон. 1998-1999-жылдары "Азия-Сузак" дыйкан чарбасынын төрагасы болуп иштеп келген. 2007-жылга чейин Жалал-Абаддагы ун өндүрүүчү комбинаттын башкы директору болгон. 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. Депутаттык ишмердүүлүгүнөн башка жерлердин баарында жетекчилик кызматты аркалаган.

Парламенттин үч жолку чакырылышынын депутаты. 2010-жылы "Республика" партиясынан келип, андан соң вице-спикер болгон. 2013-жылдын мартынан баштап "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык тобун жетектеген. 2015-жылы өзүнүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясы менен Жогорку кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келди.

Жогорку Кеңештеги депутаттын кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикер болушу ыктымал делген Төрөбаев менен Исаев канча мыйзам жазган?
2013-жылдын соңунда "Өнүгүү-Прогресс" менен Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" бириккен. Бирок Мырзакматовго карата козголгон кылмыш иштен кийин ынтымакка доо кетип, макулдашуу жокко чыгарылган. Шайлоо алдында анын партиясы жаңжал менен аты чыкты. Дал ушул партиянын өкүлү менен мушташа кеткен "Республика — Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев депутат боло албай калды.

Төрөбаев Айыл чарба министрлигин сынга алып келет, бир нече жолу аны жоюу боюнча сунуш айткан. Бул чакырылышта көпчүлүк коалициянын курамына кирип, квота менен аталган министрлик дал Төрөбаевдин энчисине тийди.

Фермерлердин айыл чарба техникасын ижарага алуусун камсыздаган машина-трактор станцияларынын тармагын түзүүнү демилгелеген.

Төрөбаев шайлоо өнөктүгүндө кыргыз суусун товар кылууну убадалап, ага чет өлкөлөр акча төлөгүдөй кыларын айткан. Муну менен бирге суу 10 жылдан кийин курал менен коргой турган баалуу ресурска айланарын божомолдогон. 

Бир катар мыйзам долбоорун даярдап, бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызын ишке орноштура албаган окуу жайларды жоюуну сунуштаган. Мындан тышкары, оң рулдуу унааларды пайдаланууга тыюу салууну 2020-жылга жылдырууну демилгелеген. Ошону менен бирге Төрөбаев "Чек арадагы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамын жазып, анда мамлекеттик чек араны коргоого тартылган жергиликтүү калкка акча төлөөнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0