Жаңы өкмөт башчы Жээнбеков президентке жасай турган иштери тууралуу айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге өкмөттүн программасынын негизги багыттары жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы жасалуучу иш-чараларды айтып берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматына киришти
Бүгүн Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды.

Өлкө башчы өз сөзүндө аткаруучу органдардын туруктуу иштеши маанилүү экенин белгилеп, жазгы талаа иштеринин жүрүшүндө дыйкандар үчүн керектүү шартты түзүү зарылдыгын айтты.

Ал ошондой эле, өлкө үчүн маанилүү болгон ири жол долбоорлорун ишке ашырууну жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 13-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кылып дайындоо боюнча Жарлыкка кол койгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0