21:54 05 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Ташкент шаары. Архив

Ташкентте ШКУнун Коопсуздук кеңешинин катчылары жолугат

© Sputnik / Алексей Бабушкин
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
ШКУнун Ташкенттеги мааракелик саммити (14)
60 0 0

Күн тартибине Борбор Азия боюнча маселелер, Афганистандагы абал, эл аралык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм, баңгизаттары жаатындагы суроолор коюлду.

БИШКЕК, 14-апр — Sputnik. Шанхай кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын он биринчи жолугушуусунда негизинен Афганистандагы абал жана террорзим көйгөйү талкууланат. 

"Жыл сайын өтүүчү бул жыйында Борбор Азиядагы жана ШКУ мейкиндигиндеги абал, эл аралык, аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана баңгизаттарын соодалаган канал боюнча маселелер талкууланат", — деп билдирди РФтин Коопсуздук кеңешинин маалымат кызматы. 

Жыйындын алдында РФтин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев Ташкентте Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук Кеңешинин катчысы Виктор Махмудов, Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Го Шэнькунь менен жолукту. Алар аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, бул жааттагы кызматташууну талкуулады. 

ШКУга учурда Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан байкоочулук статусу менен катышып келет. 2015-жылдын июнь айында ШКУга Индия менен Пакистанды мүчөлүккө алуу иштери башталган. Уфа шаарындагы жыйында аталган уюмга төрагалык кылуу милдети Россиядан Өзбекстанга өткөн. Кезектеги саммит 2016-жылдын 23-24-июнь күндөрү Ташкентте өтөт.

Тема:
ШКУнун Ташкенттеги мааракелик саммити (14)

Тема боюнча

Атамбаев Өзбекстанда өтүүчү ШКУ жыйынына барбай калышы мүмкүн
Көчмөндөр оюндары менен бирге сентябрда ШКУнун аскердик машыгуулары өтөт
Белгилер:
терроризм, саммит, ШКУ, Борбордук Азия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ