Спикер болушу ыктымал делген Төрөбаев менен Исаев канча мыйзам жазган?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги депутаттын кагазы. Архив
Жогорку Кеңештеги депутаттын кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги спикер болушу ыктымал делинип жаткан Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаев депутат болуп турганда канча мыйзам жазып, анын канчасы жемишин берип жатканына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 13 апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетти. Ал жумуштан кетүүсүн өкмөт башчылыкка бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун келиши менен түшүндүрдү. 

Ал ортодо бошоп калган спикерликке Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине парламенттеги өздүк булактар кабарлады. 

Спикер болот дегендердин бири Бакыт Төрөбаев 2010-жылы "Республика" партиясынан парламенттин бешинчи чакырылышына депутат болуп келген. Ал эми 2015-жылкы шайлоого "Өнүгүү" партиясын түптөп, аталган партия алтынчы чакырылышта 13 мандатка ээ болгон. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции "Онугуу — Прогресс"
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции Онугуу — Прогресс - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции "Онугуу — Прогресс"

Бакыт Төрөбаев депутаттык ишмердүүлүгүндө 30 мыйзам долбоор жазган. Анын ичинде төрт мыйзам долбоорун өзү жазса, калганын башка депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан. Алардын 21и кабыл алынып, төрт мыйзам долбоору артка кайтарылган. Ал эми беш мыйзам долбоору учурда каралууда.

Кол кармашып турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бир тууганчиктер" Кыргызстандын саясатында
Бакыт Төрөбаев оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, аны 2020-жылдын 1-январына чейин узарткан. 

Турак-жай жана унааларды милдеттүү камсыздандырууну токтотуучу мыйзамды жазгандардын катарында. Аталган мыйзамга ылайык, милдеттүү камсыздандыруу 2019-жылдын 1-январына жылдыруу демилгеленүүдө. 

Мындан сырткары, кылмыш жазык процессуалдык кодексине жана кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзам авторлорунун катарында. 

Ал эми дагы бир спикер болот делген эл өкүлү Канат Исаев дагы бешинчи чакырылышка "Республика" партиясынын атынан депутат болуп келген. Бирок 2013-жылдын 15-майында ал партиядан чыгып, "Ынтымак" тобун түзгөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Исаев
Депутат Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канатбек Исаев

Парламенттин алтынчы чакырылышына Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидери болуп келген. Жалпысынан Исаев 11 мыйзам долбоорунун автору болгон. Жазылган мыйзамдардын баары Жогорку Кеңеш менен президенттен колдоо тапкан.

Жогоку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликке аттанган Исаев менен Төрөбаевдин мүмкүнчүлүктөрү кандай? Эксперттердин пикири
Исаев соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү болгондуктан соттук реформа жасоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, сотторду тандоо кеңеши жөнүндө мыйзамдарын жазган. 

Эске сала кетсек, Канат Исаев 2013-жылдын аягында депутаттыктан кетип, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 

Бул маалыматтар аталган фракциялардын катчылыгынан алынды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0