РАЖ премьерликке Жээнбековдун талапкерлигин колдоду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" партиясынын желеги. Архив
Республика — Ата-Журт партиясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жээнбековдун талапкерлигин көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын баары колдогон. Өкмөт башчылык кызмат Темир Сариевдин отставкасынан кийин бош калган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" оппозициялык фракциясы премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогонун аталган фракциядан депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн фракция жалгыз талапкерди талкуулады.

"Жазгы талаа иштери премьер-министрди тез аранын ичинде шайлоого түрткү болду. Андыктан биздин фракция Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берүүнү чечти", — деди Өмүрбекова.

Вице-спикер Малабаев тууралуу айтып жатып, Жээнбеков анын өкмөт курамынан кетиши керектигин билдиргенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциялоо боюнча тендердин айланасындагы жаңжалдан улам дүйшөмбү күнү Темир Сариев отставкага кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0