Турсунбеков: премьерликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлсө, спикер иниси отставкага кетет

© прессс-лужба правительства КРСооронбай Жээнбеков. Архив
Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коалиция жетекчиси ЖК төрагалыгына барар-барбасы тууралуу суроону жоопсуз калтырды.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эгер премьер-министрликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлсө, анын иниси, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков отставкага кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев кечээ, 11-апрель күнү кызматтан кетерин билдирип, президент анын отставкасын кабыл алган.

"Кыргызстанда эки жогорку бийликти бир туугандардын башкаруусуна жол берилбейт. Ал эми спикерге талапкерди коалиция кийинчерээк көрсөтөт", — деди Турсунбеков.

Муну менен бирге коалиция жетекчиси ЖК төрагалыгына барар-барбасы тууралуу суроону жоопсуз калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0