Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен инвестициялык делегация келет

© AFP / NASSER YOUNESБириккен Араб Эмирлигинин желеги. Архив
Бириккен Араб Эмирлигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб ишкерлери Кыргызстандын айыл чара, азык-түлүк өнөр жайы, курулуш жаатындагы бизнесмендер менен жолугушуп, экономикалык форумга катышат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухаиль Мухаммад Аль-Мазруи башында турган инвестициялык делегация келе турганын Экономика министрлиги билдирди.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС куруга кызыкдар
Маалыматка ылайык, иш сапар президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылы аталган өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагындагы жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашууда.

13-15-апрель күндөрү келе турган делегациянын курамында Кыргызстанга инвестиция сала турчу компаниялар бар. 

Мында араб ишкерлери Кыргызстандын айыл чара, азык-түлүк өнөр жайы, курулуш жаатындагы бизнесмендер менен жолугушат. 

14-апрелде "Ала-Арча" резиденциясында "Кыргызстан — БАЭ" экономикалык форуму өтүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0