Сариев өкмөт башчынын милдетин аткаруудан баш тартпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Сариев отставкага кетип, президент аны кабыл алды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Темир Сариев өкмөттүн жаңы курамы түзүлгүчө премьер-министрдин милдетин аткаруудан баш тартпайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Буга чейин Темир Сариев кызматтан кетип жатканын айткан. Президент анын отставкасын кабыл алган.

"Өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча бардык процедуралар аяктагыча Темир Сариев премьер-министрдин милдетин аткарат", — деди Ахмедова. 

Премьердин отставкасы Балыкчы — Корумду жолу боюнча өткөрүлгөн тендер жаңжалына байланыштуу болду. 

Ишемби күнү Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алган. Жекшемби күнү премьер Facebook баракчасына аталган комиссиянын корутундусуна карата жооп кайтарган.

Буга чейин мекемелер аралык комиссия Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушунда бир катар мыйзам бузууларга жол берген Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигинин аталган кызматка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушун берген. 

Анын негизинде премьер-министр Темир Сариев өлкө башчысына транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген, бирок президенттин аппараты документтин негиздерин тактоо үчүн аны артка кайтарган. Өкмөт жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүмүндө премьер-министрдин сунушу менен өкмөт мүчөсүн президент кызматтан бошоткон учурлар так аныкталган. 

Премьер-министр Сариевди кантип кетиришти
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Ал эми транспорт министринин орун басары Уезбаев министр Аргынбаевдин өкмөт башчысынын күнөөлөп жаткандыгы суу кечпейт деген. Компанияларды тандоого Сариев катышты деген кеп туура эмес деп билдирген.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0