Президент Атамбаев Сариевдин отставкасын кабыл алды

Жазылуу
Жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Темир Сариевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, өкмөт толугу менен отставкага кетип, жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.

Жарлык кол койгондон баштап күчүнө кирет.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0