Сариев Исаев тууралуу: керт башынын кызыкчылыгын өлкөнүкүнөн өйдө коет

Жазылуу
Темир Сариев "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерге катышууну каалаган компаниялардын биринин кызыкчылыгын коргогон деп айыптады.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Темир Сариев премьер-министр катары өкмөттүн акыркы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди сынга калды.

Бүгүн отставкага кетүү тууралуу айтардан мурун Сариев бир катар билдирүү жасады.

"Айрым саясатчылар өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын мамлекеттики менен коомдукунан жогорку коюуда. Алар өкмөттү жаман көрсөтүп келет, мамлекеттин келечеги менен баштары да оорубайт. Канат Исаев "Империя Групп" ишканасын сунуштоого жан үрөгөн, бирок ал документ тапшырууга үлгүрбөй калды. Ал эми бул компания кара тизмеге киргизилип жаткан", — деди Сариев.

Муну менен катар транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев тууралуу да пикирин билдирди.

"Ишенимден кетти. Ал кемчиликтерди көрүп туруп, жоопкерчиликти өзүнө алуунун ордуна башкаларга жүктөп койду", — деп белгиледи Сариев.

Ал өзүнүн иши тууралуу дайым абийирдүүлүк менен иштеп келгенин айтып, ар-намысын коргоо үчүн "аягына чейин барарын" билдирди. 

Ишемби күнү Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алган. Жекшемби күнү премьер Facebook баракчасына аталган комиссиянын корутундусуна карата жооп кайтарган.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: аткарылбай калган иштер, акталбай калган үмүттөр үчүн элден кечирим сурайм
Буга чейин мекемелер аралык комиссия Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушунда бир катар мыйзам бузууларга жол берген Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигинин аталган кызматка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушун берген. 

Анын негизинде премьер-министр Темир Сариев өлкө башчысына транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген, бирок президенттин аппараты документтин негиздерин тактоо үчүн аны артка кайтарган. Өкмөт жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүмүндө премьер-министрдин сунушу менен өкмөт мүчөсүн президент кызматтан бошоткон учурлар так аныкталган. 

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Ал эми транспорт министринин орун басары Уезбаев министр Аргынбаевдин өкмөт башчысынын күнөөлөп жаткандыгы суу кечпейт деген. Компанияларды тандоого Сариев катышты деген кеп туура эмес деп билдирген.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0