Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча ЖК комиссиясынын чечимине жооп берди

Жазылуу
Премьер-министр өткөрүлгөн тендер боюнча өзүнүн пикирин билдирип, жакын арада расмий билдирүү тарата турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев Балыкчы — Корумду автожолунун "чырлуу" тендер боюнча өз пикирин билдирди. Премьер-министр өз оюн Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын аныктыгын премьердин маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Өкмөт Балыкчы — Корумду жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, ал курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Анын негизинде комиссия транспорт жана коммуникация министри Малабаевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Муну депутаттык комиссия да иликтеп, тендер өткөрүүдө мүчүлүштүктөр болгонун билдирген. Транспорт министри Аргынбек Малабаев комиссиянын жыйынында тендердин өтүшүнө премьердин жакындары таасир бергенин айткан. Мындан улам комиссия Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгууну сунуштаган.

Премьер-министр аталган чуулу иш боюнча 12 пунктан турган өз пикирин билдирди. Анын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

Депутаттардын отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламентке алып чыгат
Сариев Ысык-Көлдүн айланма жолун оңдоо стратегиялык жактан маанилүү экенин белгилеп, аны аткаруу айтылып келгени менен иш жүзүндө жасалбаганын белгилейт.

Ал эми тендердин өтүшү боюнча өкмөт башчы жоопкерчиликти ала турганын, ошол эле учурда мыйзам жана регламент боюнча тендерди өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси ага керт башы менен жооптуу экенин айтат. Сөз болуп жаткан Балыкчы – Корумду авто жолун оңдоо боюнча өткөн тендерге да ушундай мамиле болушу керектигин белгилейт.

Аталган жол боюнча тендерди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаменти менен Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти өткөргөн. Тапшырыктар электрондук форматта кабыл алынган.

Мен көптөн бери саясатта жүрөм. Андыктан, мени каралоого көптөгөн аракеттер болгон. Мен бул иликтөөнүн ачык болушуна кызыкдармын. Тендердин өтүшүнө менин тийиштигим болушу мүмкүн эмес. Мен ишимди так жана айкын аткаруудамын. Ал эми менин жакындарым, өзгөчө жардамчым Н.Султановдун катыштыгы тууралуу маалымат ачык иликтениши керек. Эгер күнөөсү аныкталса, ал мыйзам алдында жооп берет.

Канат Исаев тийиштигим бар деп айтып жаткан "Империя групптун" арызы тууралуу. Ведомстволор аралык комиссиянын маалым катына ылайык, бул компания арызын өз убагында берген эмес. Келип түшкөн документтердин ичинде аталган компаниянын кагаздары болгон эмес. Транспорт дана коммуникация министрлиги "Империя групп" компаниясын калпыс иштеген ишкана катары сыпаттап, аны "кара тизмеге" киргизүү сунушталган. (Бул тууралуу ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда белгиленген).

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков Балыкчы — Корумду жолу боюнча: мындай кырдаалда өкмөт башчы кызматтан кетет
Лицензия тууралуу. Депутаттык комиссия кытайлык компаниянын лицензиясы жок болгонун билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаменти нотариалдык түрдө негизделген лицензияны котормосу менен көрсөткөн. Алардын маалыматы боюнча "Лонг Хай" компаниясы жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытайда ири компания болуп саналат.

Каржы тууралуу. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдун баштапкы техникалык экономикалык негиздемесин 9,9 миллиард сом деп баалаган. Тендерди уткан компания 6,8 миллиард сом сунуштаган. Үнөмдөлгөн каражат канча экенин эсептөө оңой эле. Текшерген органдар кайсы чыгым жөнүндө айтып жатканын билгим келет.

Келишим боюнча мамлекет тарабынан алдын ала төлөнүүчү каражат келишимдин баасынын 10 пайызын түзүшү керек, башкача айтканда 680 миллион сом. Бюджеттен болгону 180 миллион сом төлөнгөн. 2016-жылдын 25-мартына алынган акт боюнча подрядчы тарабынан 517 миллион сомдук иш аткарылып, 8 миллион долларлык техника алынган. Компания өз каражатынан миллиард доллардан ашык короткон. Андыктан бул компания өз милдеттерин акча албастан өз абийири менен жасап жатат.

Ал эми каржылоо боюнча айта турган болсом, өкмөт учурда жарым миллиард сомду тапкан, каржылоого даяр болчу. Андан сырткары өкмөт тарабынан Балыкчы шаарынын ичиндеги айланма жолдон көпүрөгө чейинки жол үчүн кошумча 140 миллион сом табылган.

Депутаттык комиссиянын иши жөнүндө. Аны түзүү Канат Исаев тарабынан демилгеленген. Комиссиянын жасалмалуугу анын аткарган иштеринен улам эле көрүнүп турат. Жума күнү комиссия жыйын болорун билдирип, ага ЖМКны, негизги жооптуу кишилерди, Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаевди жана тендердик комиссиянын төрагасы Нурлан Кайынбаевди чакырган, бирок түшүнүксүз себептерден улам жыйын болбой калган. Кийин комиссия жооптуу кишилердин катышуусу жок эле, жабык жыйынга чогулган. Комиссия эмнеге мындай кадамга барды, бул кимге керек?

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалициясынын башчысы Турсунбеков: мен Сариевге ишенем
Комиссия жумуш эмес күнү — ишембиде шашылыш жыйынга чогулуп, маанилүү делген маселе боюнча төрт барактан турган чечим чыгарган. Бул жерде дагы негизги жооптуу кишилердин маалыматы угулган эмес. Улан Уезбаев менен Нурлан Кайыңбаевдин маалыматтары бүдөмүк маселелерди түшүнүүгө жардам бермек. Объективдүүлүк менен ачыктык кайда? Комиссиянын пикири транспорт министри Малабаевдин көрсөтмөсү боюнча гана калыптанган. Андыктан бир тараптуу алынган маалыматтар чечимдин ачыктыгынан шек жаратат.

Комиссиянын ишинин ыкчамдыгы жана жабыктыгы анын айрым мүчөлөрүнүн алдын ала сүйлөшүп алган болушу ыктымал деген ойго түртөт. Өзүмдүн намысымды бийик койгон киши катары аталган маселе ачык-айкын карылышы керек деп эсептейм. Мен маниилүү делген Балыкчы — Корумду жолунун курулушу саясий кутумдан улам токтоп калат деп кооптоном.

Жакын арада бул маанилүү маселе боюнча расмий билдирүү таратам.

Жаңылыктар түрмөгү
0