Башкы штаб баш аламандык учурунда жаңы режим — "курч кырдаал" киргизүүнү сунуштап жатат

Жазылуу
Мында Башкы штаб баш аламандыктарды жөнгө салуу, зарыл болгон учурда күч колдонууга укуктуу болот.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы КР Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча "Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул долбоордо "курч кырдаал" деген түшүнүк каралган. Ал баш аламандыкты жөнгө салып, коркунуч туудурган абалга чейин жеткирбөөнү максат кылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК мамлекеттик сыр болчу маалыматтарды тактоо боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоодо
Башкы штабдын түшүнүгүндө курч кырдаал — өлкөнүн бир аймагында куралдуу баш аламандык, этностор ортосундагы жаңжал, стратегиялык имараттарды курал колдонуп басып алуу, республикалык деңгээлдеги жолдорду тосуу, өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирүүчү кырдаал, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратуу эсептелет.

Андан сырткары, бул долбоор менен Башкы штаб курч кырдаалдар киргизилген убакты күч колдонууну, атайын каражаттарды жана аскер техникаларын пайдаланууну мыйзамдуу түрдө бекитүүгө ниеттенип жатат.

"Кыргызстандын коргонуу жана Куралдуу күчтөр жөнүндө" мыйзамына ылайык, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскер башкармалыгынын борбордук органы болуп саналат.

Мыйзам долбоорунда курч кырдаалдын жоопкерчилигин Башкы штаб моюндайт.

Мындай режимди белгилүү бир аймакка 30 күндөн ашык эмес убакытка гана киргизүү сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0