Турсунбеков Балыкчы — Корумду жолу боюнча: мындай кырдаалда өкмөт башчы кызматтан кетет

© Фото / пресс-служба ЖК КРКСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда президенттин тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Малабаевдин айткандарын да, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын да текшерип жатат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Балыкчы — Корумду автоунаа жолу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу маселе боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы билдирет. 

Ага ылайык, мындай учурда Турсунбеков цивилдүү өлкөлөрдө өкмөт башчылары кызматынан кетерин айтты.

"Мындай кырдаалда цивилдүү өлкөлөрдө премьер-министрлер иштен кетет. Эгерде жакынкы күндөрү өкмөт башчы кызматтан кетүү боюнча арызын жазса, бул биздин өлкө өнүгүүнүн цивилдүү жолдо баратканын көрсөтөт. Ошондой эле бул башка тиешелүү органдарга тыкыр, объективдүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — дейт Турсунбеков. 

Эскерте кетсек, өкмөт Балыкчы — Корумду жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, ал курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Анын негизинде комиссия транспорт жана коммуникация министри Малабаевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Сариев министрди жумуштан алуу боюнча сунушту президентке киргизген. Бирок президенттин аппараты ал сунушту кайра артка кайтарган.

Сариев отставкага кетеби же жокпу. Депутаттар менен эксперттердин пикири
Ал эми транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Учурда президенттин тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Малабаевдин айткандарын да, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын да текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0