Уезбаев Балыкчы – Корумду жолу боюнча өкмөт башчыга түшүнүк кат жазды

© Фото / пресс-служба минтранс КРТранспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев. Архив
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин Балыкчы – Корумду автожолун оңдоо боюнча өткөн тендерде премьер-министрдин тийиштиги бар делген айыптоолорун министрдин орун басары Улан Уезбаев четке какты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариевге Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолунун айланасында тутанган жаңжал боюнча түшүнүк кат жазды.

Буга чейин Балыкчы — Корумду автожолун куруу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү ага премьер-министрдин айланасындагылардын катыштыгы бар экенин айтып, өкмөт башчынын отставкасын талап кылышкан.

Тендердин өтүшүнө өкмөт башчынын жакындарынын тийиштиги бар экенин транспорт министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирген. Ошондой эле тендерди өткөрүүдөгү калпыстыкка транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин тийишти бар экенин кошумчалаган.

Уезбаевдин түшүнүк катынын урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

Асанов: Сариев отставкага кеткен жок
Тамчы — Бостери автожолун куруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө протокол 2015-жылы 25-сентябрда кабыл алынган. Ал протоколдун негизинде жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин тапшырмасы менен Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун куруу долбоору даярдалган. Аны Жол чарбасы департаментинин аткаруучу директору өзү министр менен аталган долбоорду макулдашкан. Андан кийин документ 2015-жылы 6-октябрда өкмөттүн кароосуна чыгарылган. 13-октябрда регламентке ылайык кабыл алынган.

Ошондой эле Малабаевдин тендер өткөн учурда аны четтетип койгону жана тендерди билбегени чындыкка дал келбейт. Себеби министр ал учурда Бишкек шаарында болгон.

17-октябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол чарбасы департаменти тендер жарыялап, 22-октябрда ал жыйынтыкталган. Анда төрт компания арыз бергени аныкталган.

Алар: 

  • "Грант Старт" ("Технотоп", "Мостдорстрой" жана "ЛТ Трейдинг Компани" ЖЧКларынын консорциуму) — 7 миллиард 328 миллион 500 миң сом сунуштаган.
  • "Сутранспромжилстрой" ("Токошев" ЖЧК консорциуму менен) — 7 миллиард 951 миллион 135,4 миң сом сунуштаган.
  • "Koçogluinşaat sanayi tarım ve hayvancilik ticaret A.S." — 6 миллиард 744 миллион 934,1 миң сом сунуштаган.
  • Циндаонун жол жана көпүрө корпорациясы "Лонг Хай" — 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган.

Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун оңдоо боюнча долбоордун алдын ала эсептелген баасы 9,3 миллиард сомду түзгөн. Берилген тапшырыктардын жыйынтыгы менен 6,8 миллиард сом сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылган. Мында 2,5 миллиард сом үнөмдөлгөн.

Учурда өкмөт аталган долбоорду 180 миллион сомго каржылаган, бирок келишим боюнча тапшырык ээси аванс катары 680 миллион сом төгүшү керек. Ошол эле учурда подрядчы 517 миллион сомдун жумушун аткарган, анын ичинен өз каражатынан 337 миллион сом короткон.

Трасса Бишкек Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Президент Балыкчы — Корумду жолу боюнча комиссиянын тыянагын иликтөөнү УКМКга тапшырды
Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун оңдоо боюнча жүргөн сатып алууларда жергиликтүү компанияларга чектөөлөр киргизилген эмес. Квалификациялык комиссиянын лицензия талаптарында "Экинчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү лицензиясы болушу керек" деп жазылган. Ошондой эле конкурска катышып жаткан компания сатып алуулар өткөрүлүп жатканда Кыргызстанда берилген лицензияга ээ болушу керек деп белгиленген эмес. Кыргызстанда өткөн кандайдыр бир конкурска катышып жаткан чет элдик компания курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Кыргызстан тарабынан берилчү лицензияны алууга кызыктар эмес, себеби, ал конкурстун жыйынтыгы кандай болорун билбейт. Конкурстан кийин гана компания Кыргызстандын лицензиясын алуу боюнча арыз берет.

"Лонг Хай" компаниясы 2003-жылдан 2029-жылга чейин биринчи категориядагы жол курууга берилген лицензиясын көрсөткөн. Лицензияны текшерүү учурунда анын 2013-жылдан кийин узартылбаганы аныкталган. "Лонг Хай" компаниясы лицензия жыл сайын узартылып турары тууралуу кошумча документтерди берип, анда 2013-жылдан тарта документти узартуу электрондук форматта өтөрү белгиленген. Бул тууралуу Кытайдын Шаньдунь провинциясынын курулуш өнөр жайынын расмий сайтында жарыяланган. Алар сайттагы маалыматтардын расмий котормосун да беришкен. 

Ошондой эле транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин тендерди уткан компанияларга премьер-министрдин тийиштиги бар деген айыптоолору чындыкка жатпайт. Тандоо учурунда эч кимге басым жасалган эмес. Министр керектүү болгон бардык маалыматтарды такай Жол чарбасы департаментинен алып турган.

Ушундай эле аракеттер Бишкек — Манас аэропорту жолун оңдоодо да жасалган. Учурда долбоор тийиштүү деңгээлде ишке ашырылууда. Андан сырткары, 2015-жылы өкмөт жергиликтүү деңгээлдеги автожолдорду оңдоо боюнча чечим кабыл алган. Буйрукка ылайык, түздөн түз келишим түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Бирок, ага карабастан конкурс өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0