Президенттин аппараты Малабаевди кызматтан кетирүү сунушун артка кайтарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев и министр транспорта и коммуникаций Аргынбек Малабаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев и министр транспорта и коммуникаций Аргынбек Малабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сунушту Атамбаевге премьер-министр Темир Сариев киргизген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президенттин аппараты Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан кетирүү боюнча сунушту артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди. 

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: азыр отставкага кетейин деген оюм жок
Анын айтымында, сунуш документтин мыйзамдуулугуна камсыздоочу негиздерди тактоо максатында кайтарылган. Өкмөт жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүмүндө премьер-министрдин сунушу менен өкмөт мүчөсүн президент кызматтан бошоткон учурлар так аныкталган. 

Эскерте кетсек, аталган сунушту Атамбаевге премьер-министр Темир Сариев киргизген. Ага чейин өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. 

Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилиги ээлеген кызматына дал келерин карап чыгууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0