Сариев президентке транспорт министри Малабаевди кызматтан алуу сунушун киргизди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев. Архив
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекемелер аралык комиссия Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушу иштеринде бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев президентке транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан кетирүү боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: азыр отставкага кетейин деген оюм жок
Буга чейин өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. 

Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилиги ээлеген кызматына дал келерин карап чыгууну сунуштаган.

Өкмөттүн маалымат кызматы азырынча чечим кабыл алына электигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0