Санарип дипломатиясы боюнча рейтингде КР Угандадан артта калып, Кытайдан озуп кетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютерлер. Архив
Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттер дипломатиялык маселелерди чечүү үчүн Тышкы иштер министрликтердин дүйнөлүк "желе" жана социалдык тармактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата бааланган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан Digital Diplomacy — санарип дипломатиясы боюнча рейтингде 96-орунду ээледи.

Ала-Тоо аянтындагы аскер күчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелдик рейтингде Кыргызстандын аскер күчү 32 баскычка төмөндөдү
Мында мамлекеттер дипломатиялык маселелерди чечүү үчүн Тышкы иштер министрликтердин дүйнөлүк "желе" жана социалдык тармактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата бааланган.

Ага дүйнөнүн 210 өлкөсү катышкан.

Тизменин сап башын Улуу Британия, экинчи орунда Франция жана үчүнчү болуп АКШ турат. Алдыңкы он мамлекеттин катарына Россия, Ватикан, Индия, Израиль, Мексика жана Швейцария кирген. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен 38-орунду ээлеп Казакстан алдыда. Тажикстан 106, ал эми Өзбекстан 124-сапты ээлеген. 

Рейтингде Кыргызстан Африканын Уганда, Сомали сыяктуу өлкөлөрүнөн артта калып, Кытай жана Сингапурдан озуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0