БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн эки мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент кол койгон "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 18-февралда кабыл алынган.
Ал эми экинчиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн бирдей тартибин белгилөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.
Мыйзамдар расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.