АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү бирдиктүү ишкерлик кеңешин түзөт

Жазылуу
Мындай чечим "Борбордук Азия + АКШ форматында өткөн жыйында кабыл алынды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Экономика жана аймактык интеграция боюнча "С5+1" жумушчу тобунун жыйынында ишкерлик кеңеш түзүү чечим кабыл алынганын Экономика министрлиги билдирди.

Назарбаев ЕАЭБ менен Евробиримдикти ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырды
Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Бишкекте өткөн "С5+1" жыйынында Борбордук Азия (Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан) өлкөлөрү менен АКШ делегациялары катышты.

АКШ жаңы соода коридорлорун иштеп чыгууга, инвестиция тартып, соода тоскоолдуктарын жоюуга техникалык колдоо көрсөтүү боюнча өз долбоордук матрица сунуштады.

"Натыйжада тараптар долбоордук матрицанын негизинде сунуштарды иштеп чыгуу жана аймактык ишкерлик кеңешин түзүү боюнча макулдашууга жетишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул мындай форматта өткөрүлгөн биринчи жолугушуу эмес, бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы соода жана инвестиция боюнча алкактык макулдашуунун жыйыны өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0